УКМК мыйзамсыз мигранттарга карата «Нелегал-2025» атайын операциясын баштады

УКМК мыйзамсыз мигранттарга карата «Нелегал-2025» атайын операциясын баштады

УКМК бүгүн, 11-июндан тарта атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз мигранттарга карата «Нелегал-2025» атайын операциясы башталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 10-июнга чейин миграциялык мыйзамдарды бузуп өлкөдө жүргөн чет элдик жарандарга укуктук статусун мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилгенине карабастан, мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар аныкталган.

Алар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле УКМК иш берүүчүлөрдү жана чакырган тараптарды мыйзам бузган чет элдиктерди өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырды.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагында миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн мигранттарга жана жарандыгы жок адамдарга укуктук абалын жөнгө салууга 10-июнга чейин мүмкүнчүлүк берилген. Ички иштер министрлиги 10-июндан кийин мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрөрүн, тийиштүү уруксат документтери жок чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгарыларын эскерткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>