КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Балыкчыдагы “Рембыттехника” заводу мамлекетке кайтарылды
11.06.2025 | 14:51
УКМК Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Рембыттехника” Ысык-Көл заводу мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат жалпы аянты 3353,8 чарчы метрди түзгөн “Рембыттехника” заводунун мүлктүк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктаган.
Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар