Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовду СИЗО-1ге которуу сунушу менен Ленин райондук сотуна өтүнүч кат жиберди.
Маалыматка карганда, УКМК айыпталуучуларды которуу суунушун мекемедеги убактылуу кармоо жайынын толуп калгандыгы менен түшүндүргөн.
Бул сунушка Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев каршы болуп, айыпталуучуларга карата коркутуу деп баалаган.