Аксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат2023–2026-жылдардагы турак жайды менчиктештирүүгө жаңы коэффициент киргизилетСпутниктен баштап фермердик азыктарга чейин: Бишкектеги «АгроТехЭкспо — 2026» эмнеси менен таң калтырдыЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөт
Араванда сууга аккан 2 адамдын сөөгү изделүүдө
21.06.2019 | 12:07
Араван районундагы Түштүк-Фергана каналына түшүп кеткен 1 эркек жана 1 аялдын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Тургундардын сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат 20-июнь күнү түшкө жуук келип түшкөн.
Ошол эле күнү аларды издөөгө ӨКМден жана милициянын 60га жакын кызматкери тартылып, кеч кирип кеткенидиген байланыштуу издөө иштери токтотулган. Бүгүн, 21-июнь күнү издөө иштерин улантылууда.
Издөө ишине көмөктөшүү суранычы менен Өзбекстандын ӨКМине кат жолдонгон.
Рубрики: Жаңылыктар