УКМК Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтерин кармады

21.08.2025 | 16:43

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында ири коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев берген тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө башкармалыктын мурдагы бухгалтери жалпы билим берүү мекемелеринин айрым жетекчилери менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз акча каражаттарын өздөштүргөнү аныкталды.

Тактап айтканда, айлык акылар жана башка төлөмдөр төмөнкү мектептердин кызматкерлерине мыйзамсыз жүргүзүлгөнү белгилүү болду:

  • №24 М.Фрунзе атындагы орто мектеп,
  • №42 «Керме-Тоо» орто мектеби,
  • №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектеп,
  • «Олимп» мектеп-гимназиясы,
  • №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейи,
  • №52 «Кыргыз–Түрк достугу» мектеп-лицейи.

Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 940 684 сомду түзгөн.

“Учурда күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top