УКМК Оштогу «Манас» турак жай комплексиндеги маселени текшерип, курулушту күзгө чейин бүтүрүүнү тапшырды

ЖМКларда «Манас» турак жай комплексинин тургундары өлкө жетекчилигине жасаган видео кайрылуусуна байланыштуу УКМК текшерүү иштерин баштады. Тургундар курулуш иштеринин создуктурулушуна жана батирлерди өткөрүп берүү мөөнөтүнүн бузулушуна байланыштуу чара көрүүнү суранышкан.
26-январда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын жетекчилери Б.К. Касымжанов, Б. Али уулу жана У.О. Султанов менен жолугушуу өткөн. Ага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү катышкан.
Жыйындын жүрүшүндө курулуштун кечигишине таасир эткен себептер талкууланган. Жыйынтыгында компаниянын жетекчилигине курулуш иштерин аяктап, объектилерди 2026-жылдын сентябрь айына чейин өткөрүп берүү милдети тапшырылды.
Ошондой эле курулуш иштери толук аяктаганга чейин компаниянын жетекчилерине Кыргызстандын аймагынан чыгууга чектөө киргизилди.