Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Кыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү жаатында кызматташат
27.01.2026 | 11:55

Кыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү жаатында кызматташууну көздөөдө. Мындай демилге айыл чарба министринин орун басары Бектен Бекболотов менен Кытайдын Heze Peony Development Service борборунун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда пион өстүрүү мүмкүнчүлүгүн, климаттык шарттардын ылайыктуулугун жана продукцияны кайра иштетүү маселелерин талкуулашты.
Heze Peony Development Service Center — Хэцзэ шаарындагы пион тармагын өнүктүрүү боюнча адистешкен борбору. Ал дүйнөдөгү эң ири пион өстүрүү жана кайра иштетүү борбору болуп саанлат. Ал пион секторун кеңейтүү жана анын экономикалык маанисин жогорулатуу багытында иш алып барат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика