УКМК өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев катары тааныштырып, «Б.Х.» ишканасынын жетекчилигин бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран ишкананын жетекчилиги менен келишим түзүү максатында аны менен телефон аркылуу үнүн жасап сүйлөшкөн. Ошондой эле «Whatsapp» тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, өзүнүн өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн, андан кийин өз алдынча кеңсеге келип, аны менен келишим түзүүнү талап кылган.
«Келишимдин жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң АКШ долларынан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар которулган»,- деп билдирди УКМК.
Азыркы учурда кармалган жаран Д.Р.Д.га Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.