УКМК Пакистандын жаранын кармады

УКМК Пакистандын жаранын кармады

Пакистандын жараны документ жасалмалоого жана алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалым болгондой, миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстандын кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналы аныкталган.

Атайын кызмат билдиргендей, Пакистандын жараны (М.А.) акча табуу максатында өзүнүн 14 мекендешинин ишенимине кирип, аларга керектүү документтерди жасап берерин убада кылган. Ал Кыргызстанда 17 жылдан бери жашап жатканын, тааныш-билиштери бар экенин, электрондук визаларды (Е-Visa) даярдап бере аларын айтып, алардан 1 млн содон ашык акча алган.

Аталган чет элдик 18-мартта шектүү катары кармалган. Ага «документ жасалмалоо» жана «алдамчылык» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>