Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет
Өлкө боюнча беш мал базар курулууда
25.03.2025 | 12:19
Учурда өлкө боюнча 5 муниципалдык мал базар курулуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мал базарлар Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, Кадамжай райондорунда жана Бишкек шаарында салынууда. Ошондой эле Өзгөн жана Кемин райондоруна да жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүнүп берилген.
Аталган министрлик учурда өлкөдө 43 мал базар иштей турганын, анын 12си муниципалдык, 31и жеке менчик мал базар экендигин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар