УКМК: Сириядагы согуш аракеттерине катышкан жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Сириянын аймагындагы согуш аракеттерине катышууга тиешеси бар делип 42 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, аталган жаран 2014-жылы издөөдө жүргөн И.Б.Н. аттуу адамдын азгыруусу менен Түркия аркылуу Сирияга барып, «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун катарына кошулганы аныкталган.
“Сурак учурунда кармалган жаран күнөөсүн моюнуна алып, көрсөтүлгөн адамды тааныганын билдирди. Ошондой эле аталган террористтик уюмдун катарында көпкө болбой, анын ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн түшүнгөндөн кийин Сириянын аймагынан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын маалымдады. Кыргызстанга үй-бүлөсүнө кайтып келүү шылтоосу менен Түркияга кетип, андан соң мекенине кайтып келген”,- деп билдирди атайын кызмат.
Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.