Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
УКМК текшергенден кийин Ошто 30дан ашуун күрөөкананын иши токтоду
21.01.2026 | 17:44

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймактарындагы күрөөканалардын ишин текшерди.
Текшерүү учурунда айрым күрөөканалар мыйзамда белгиленген пайыздык чендерди жогорулатып иштеп жатканы аныкталып, аларга айып пулдар салынды.
Ошондой эле 30дан ашуун күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, кошумча текшерүү иштери дайындалды.
УКМК калкка мүмкүн эмес шарттарда акча каражатын берип, күрөө мүлкүн өз пайдасына которуу менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше тапкан адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар