Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жалпы жамаатын жана окуучуларын жаңы жылы менен куттуктады.
Атайын кызматтан билдиришкендей, майрамдык иш-чарага билим берүү министринин орун басары Б.Супаналиев, жатак-мектебинин эмгек жамааты жана окуучулары катышты.
Камчыбек Ташиев аталган мекеменин жалпы окутуучулар курамын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук каалады. Ошондой эле төрага аталган мектеп-интернатынын спорт залы менен актылык залы копиталдык ремонттон өткөрүлө тургандыгын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө жатак-мектептин окуучулары майрамдык концерттик программасын тартуулашты.
Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан окуучуларга жаңы жылдык белектер жана акчалай сыйлык тапшырылды.
Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебинин жетекчилиги, колдоо көрсөткөндү жана белектери үчүн Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз