Адылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдү
Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан 179 адам каза болду, – ЖМК
29.12.2024 | 12:06
Түштүк Кореядагы авиакырсыктан 179 адам набыт болгонун Yonhap агенттиги улуттук өрткө каршы кызматына таянуу менен билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, эки гана адам — жүргүнчү жана экипаж мүчөсү аман калган. Бортто жалпы 181 адам болгон.
Бийликтер Jeju Air учагынын кыйрашынын эки негизги версиясын карап жатышат. Учакка канаттуулар урунуп, учкучтар башкарууну жоготкон деген божомол айтылып жатат. Yonhap агенттиги шассилердин иштен чыкканына канаттуулар себеп болгонун жазды.
Бийлик аба ырайын экинчи версия катары карап жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар