УКМК WhatsApp группаларынын администраторун кармады

УКМК WhatsApp группаларынын администраторун кармады

УКМК WhatsApp группаларынын администратору массалык башаламандыктарга чакырык жасоого шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган К.М.М. аттуу жаран WhatsAppтагы «Элге акыйкат керек», «Айта берем, кайта берем», «Кыргыз коому», «Саясат, талкуу, ой-пикир», «Кыргызстан аңга баратат», «Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!» группаларынын администратору болгон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык баш аламандыктарга чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат кармалган жаранды аталган группаларды түзүп, чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап жүргөн деп айыптады.

УКМКнын маалыматын боюнча, К.М.М. 2024-жылы 18-майга караган түнү Бишкек шаарында болгон массалык башаламандыктарды уюштурууга (чет элдик студенттердин сабалышы менен коштолгон окуя — ред.) түздөн-түз тиешеси бар. Мындан тышкары, ал WhatsApp аркылуу «Бирик кыргыз» жана «Манас атанын урпактары» группаларын негиздегени жана ал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды таратканы айтылды.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Ошондой эле атайын кызмат аталган группалардын башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюу үчүн иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>