УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Кимдер тапшыра алат?

УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Кимдер тапшыра алат?

А.К.Бакаев атындагы УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кабыл алуу 27-февралга дейре ар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Академияга тапшырууну каалагандар 17-21 жашта, бою 1,7 метрден узун, салмагы кеминде 60 кг болушу керек.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

* орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель);

* өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылган болбошу зарыл;

* өзүндө, жакын туугандарында чет мамлекеттин жарандыгы болбош керек.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарына катышат:

— дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүү;

— дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

— психофизиологиялык  күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);

— полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

— кирүү экзамендерин тапшыруу.

Кайрыла турган, аңгемлешүү өтө турган даректер:

  • Бишкек ш., Профсоюз көч., №104А үйү, тел.: 0 (312) 30-73-86;
  • Чүй облусу боюнча: Бишкек ш., Кийизбаев көч., №206 үй;
  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча: Ош ш., Баялинов көч., №5 үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
  • Жалал-Абад облусу боюнча: Жалал-Абад ш., Байзаков көч., №53 үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
  • Баткен облусу боюнча: Баткен ш., Курманжан Датка көч., №15/2 үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
  • Талас облусу боюнча: Талас ш., Карл-Маркс көчөсү, №27 үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
  • Нарын облусу боюнча: Нарын ш., Ленин көчөсү, №86 үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
  • Ысык-Көл облусу боюнча: Каракол ш., Кутманалиев көч., №148 үй, тел.: 0 (3922) 5-11-80.

Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>