Кыргызстан менен Беларусь айыл чарбасы боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүшөтЖК электрондук векселдерди киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кароодоБазарлар доору аяктап жатабы? Заманбап соода форматтары Борбордук Азияны кантип багындырууда?Ысык-Көлгө 3 млн май-канат балыгынын чабагы коё берилдиКыргызстанда суунун тарифи эмнелерден куралат: Айыл чарба министрлигинин түшүндүрмөсүМөңгүлөр тездик менен эрүүдө: Борбордук Азияга суу тартыштыгы коркунучу туудурууда
УКМКнын “Асман көзөмөлү — 2025” антитеррордук машыгуусу өттү
22.04.2025 | 16:51
УКМКнын “Асман көзөмөлү — 2025” антитеррордук машыгуусу өтүп, аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген.

Аскерлер FPV дрон, квадрокоптер, жердеги роботторду колдонууну үйрөнүп, жардыргыч заттарды талаа шартында пайдаланууга машыкты.

Машыгуунун соңунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “А” атайын багыттагы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп, учурда мамлекет тарабынан материалдык-техникалык база менен жабдуу боюнча баардык шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, террористтик-экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдү жок кылуу боюнча коюлган аскердик милдеттерди аткаруу үчүн ар дайым даяр болууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар