УКМКнын кызматкеримин деп элди алдап жүргөн адам кармалды

УКМКнын кызматкеримин деп элди алдап жүргөн адам кармалды

Кадамжай райондук милициясы өзүн “УКМКнын кызматкеримин” деп тааныштырып, алдамчылык кылып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган Руслан аттуу адамдын, ар кандай шылтоолор менен жалпы суммасы 500 000 сомдун тегерегиндеги автоунаа, автоунаанын тетиктерин, азык түлүктөрдү жана накталай акчаларды алып, изин жашырып кеткендиги боюнча 9 жарандан арыз түшкөн.

Жогорудагы кылмыштарга шектелген Руслан Жээнбеков аттуу адамдын жүргөн жери аныкталган. Бирөк ал кармалган соң өзүн Алмаз Абдужапаров экенин, Чоң-Алайда туулгадыгын  айтып, бардык кылмыштарды мойнуна алган.

Сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө бул жаран Сузак районунун Жерге-Тал айылынын тургуну 37 жаштагы Нурланбек Момбеков  экендиги аныкталып, буга чейин 2016-жылы абактан качкандыгы үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон.

Учурда шектүү  соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.  Тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото: «Азаттык»

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>