УКМКнын кызматкерлери «Дженгону» кармай элек, бирок ал жашырынып жаткан үйдү табышкан — сүрөт

УКМКнын кызматкерлери «Дженгону» кармай элек, бирок ал жашырынып жаткан үйдү табышкан — сүрөт

Бүгүн 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматы Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында “Женго” каймана аты менен белгилүү кримавторитет Кадыр Досоновду кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Издөө иштеринин натыйжасында,  “Женго” Оштогу үйлөрдүн биринде жашырынып жүргөнү белгилүү болду. Үйдөн Кадыр Досоновго тиешелүү жеке жана үй буюмдарын ошондой эле уюлдук телефонун табышкан. Мындан тышкары, тыюу салынган буюмдар менен баңги заттар табылды.

Буга байланыштуу УКМК жана Ички иштер министрлиги Досоновду табуу жана кармоо боюнча планын жарыялады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>