«Укпай эле койгула». Маданият министри Киркоровго каршы чыккандарга жооп берди

«Укпай эле койгула». Маданият министри Киркоровго каршы чыккандарга жооп берди

Орусиялык ырчылар тобу өздөрү демилгеси менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктоо үчүн келишет. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдирди.

Ал социалдык тармакта айтылып жаткан сынга жооп берип, каршы чыккандарга 31-август күнү аянтта өтө турган концертке келбей коюуну сунуштады.

«Бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз дегендерге айтарым: «Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук» деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун. Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек», — дейт министр.

Алтынбек Максүтовдун айтымында, орусиялык ырчылардын келиши өлкөнүн кадыр-барктуулугун көрсөтөт.

«Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсы ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле? Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коелу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес.Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет. Эң сонун, жогорку деңгээлдеги программа даярдап атабыз. Ала-Тоо аянтында мындай масштабдагы программа өткөрүлө элек десем болот», — дейт аткаминер.

Социалдык тармактын колдонуучулары орус ырчыларынын, айрыкча Филип Киркоровдун чакырылышына каршы чыгууда.

31-августтагы концертке чакырылган ырчыларга акча төлөнбөйт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>