Улакчынын өлүмү. Сындардан кийин 12-марттагы көк бөрү боюнча оюндар токтотулду

Улакчынын өлүмү. Сындардан кийин 12-марттагы көк бөрү боюнча оюндар токтотулду

Бишкектин четиндеги «Ак-Кула» ат майданында Ноорузга карата уюштурулган мелдеште улакчы каза болгондуктан бүгүн, 12-марттагы көк бөрү боюнча калган оюндар токтотулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы кабарлады.

Федерация бүгүн кечинде башкармалык мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулуп, Нооруз мелдеши боюнча маселени карай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, каргашалуу окуя бүгүн, 12-мартта биринчи лигадагы «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командаларынын оюну учурунда болгон. «Бөрүлүнүн» көк бөрүчүсү Мирлан Сраждинов улакты эңип жатканда аны атаандаш команданын улакчысы ат менен келип сүзгөн. Сраждинов жерге кулап, эсине келбей каза болгон.

Бүгүнкү мелдеш күнүнүн жадыбалы боюнча 6 беттеш болмок. Биринчи болуп «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командаларынын оюну башталган.

Каргашалуу окуядан кийин калган оюндар токтотулбай, дагы 3 беттеш өткөрүлгөн. Адам өлүмү болгонуна карабай башка оюндар токтотулбаганы үчүн социалдык тармактарда Көк бөрү федерациясына сындар айтылган.

Федерациянын чечими боюнча эки беттеш өткөрүлбөй турган болду.

Бишкекте көк бөрү боюнча мелдеште улакчы каза болду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>