Улуттук банк 11-июнга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Жаңыланган маалыматтар жөнгө салуучунун сайтында жарыяланган.
Бир сутка ичинде сом долларга карата бир аз 0,01%га бекемделди. Америка валютасынын баасы 79,5013 сомду түзөт. Мындан тышкары евро менен теңгенин курсунун төмөндөшү байкалууда. Евро 0,95%га төмөндөп, 84,3747 сомго, теңге 0,1824 сомго (-0,33%) бааланды.
Рубль сомго карата 4,58%га өсүп, 1,3987 сомду түздү.