БУУнун башкатчысынын орун басары менен Жапаров кездешти

БУУнун башкатчысынын орун басары менен Жапаров кездешти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мейманды жылуу кабыл алып, БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары кызматына экинчи ирет дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

БУУ Башкы катчысынын орун басары Кыргызстандын улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги ишине канаатанганын билдирди.

«Биз сиздин туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча программаңызды толук колдойбуз. Биз сиздин өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык аракеттериңизди колдойбуз», — деди ал.

БУУнун Башкы катчысынын орун басары ошондой эле Кыргызстандын канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен талашын тынч жолу менен жөнгө салуу аракетин кубаттады.

Сөзүнүн соңунда Амина Мохаммед Президент Садыр Жапаров башында турган кыргыз делегациясы ушул жылдын ноябрында өтө турган климат боюнча кийинки саммитке катышарына үмүт артты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>