Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Улуттук банк 26-мартка карата доллардын расмий курсун жарыялады
25.03.2022 | 18:10
Улуттук банк 26-мартка карата валюталардын расмий курсун белгиледи. Ал дем алыш күндөрү иштейт.
Эртеңки күнгө доллардын номиналдык курсу 95,2404 сом (1,31 пайызга төмөндөө) деп белгиленди. Ошол эле учурда борбордогу акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда аны 91-93 сомдон сатып алып, 92,5-94,5 сомдон сатууда.
Евронун курсу 1,01 пайызга – 105,9573 сомдон 104,8883 сомго чейин төмөндөдү.
Рублдин расмий курсу мурдагыдай эле сомдон төмөн – 0,9602 сомдун тегерегинде белгиленүүдө. Бул бүгүнкү көрсөткүчтөн 1,03 пайызга аз.
Теңге, тескерисинче, 0,21 пайызга — 0,1928 сомго чейин кымбаттады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика