Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

24-28-март күндөр аралыгандагы жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү, кар күрткү түшүү коркунучу бар. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун өтмөк ашуусунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунда , Мырза-Аке – Кара –Кулжа — Алайкуу унаа жолунда, Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда, Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык автоунаа жолунун Батман-Көл айылында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда, Казарман – Актал -Чат унаа жолунда, Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун Чон-Ашуу ашуусу, Барскоон – Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Сөөк ашуусусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Айдоочуларга эскертүү!

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл жана алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжыры, трос, күрөк жана аптечка алууну унутпаңыздар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>