Нарында кош бойлуу келинге дарынын ордуна антисептик сайып алды. Абалы кандай?

Нарында кош бойлуу келинге дарынын ордуна антисептик сайып алды. Абалы кандай?

Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге шприцтерди аралаштырып, хлоргексидин (антисептик) сайып салган. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Нарын облустук ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков билдирди.

Төрөт үйүнө 1995-жылы туулган Ж.М., 39 жумалык кош бойлуу кезинде келген.

«Ал келинге кесарево операциясы пландаштырылган. 23-мартта медайым шприцтерди аралаштырып, цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайган. Пациент дароо колу кычышып жатканын айтып, хлоргексилин бир аз денесине кирип кеткен. Саат 12:30да кесарево операциясы жасалып, 3кг 500гр салмактагы дени сак кыз төрөлгөн» — деди дарыгер.

Ал белгилегендей, эне азыр дарыланып жатат,  абалы туруктуу, жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда. Денесине наркоз берилгендиктен наркотикалык заттан улам уктап жатат.

«Анын өпкө шишиги бар, башка органдары нормалдуу иштеп жатат, сатурациясы да нормалдуу, реанимация чаралары көрүлүүдө», — деп кошумчалады Нарынбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>