Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Улуттук банк доллардын расмий курсун 103 сом деп белгиледи
18.03.2022 | 17:52
Улуттук банк 19-мартка карата валюталардын расмий курсун белгиледи. Ал дем алыш күндөргө да тиешелүү.
Эртеңки күнгө номиналдык курс 102,8896 сом (1,47 пайызга төмөндөө) деп белгиленген. Ошол эле учурда борбордогу акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда аны 97-98,8 сомдон сатып алып, 100-101 сомдон сатууда.
Евронун курсу 1,32 пайызга – 115,4048 сомдон 113,8782 сомго чейин төмөндөдү.
Бирок рублдин расмий курсу өсүп жатат. 19-мартка карата 103 сом деп белгиленген. Бул бүгүнкү көрсөткүчтөн 1,96 пайызга жогору. Номиналдык курс 2-марттан бери биринчи жолу сомдон жогору көтөрүлдү.
Теңгенин курсу 1,21 пайызга төмөндөп, 0,2038 сомду түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика