Эмгек мигранттары пенсиялык камсыздандыруу полисин аралыктан ала алышатАтамбаев автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдарды таштап кетпөөгө чакырдыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттүЖапаров: КРдин экономикасынын өсүшү дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири
Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөрдү
18.03.2022 | 18:02
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу, улуттук идеологияны чыңдоо, улуттук, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоону андан ары өркүндөтүүгө багыттоо болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат