Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат
Улуттук банк Кыргызстанда дагы бир мамлекеттик банк түзүүгө уруксат берди
12.09.2025 | 11:10

10-сентябрда Улуттук банктын башкармасы тарабынан мамлекеттик «Кылым Банк» ачык акционердик коомун уюштурууга уруксат берген чечим чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Жыл башында Министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен «Кылым Банк» ААКын түзүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда банктын уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөрү айтылган.
Өкмөттүн маалыматында, банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп дайындалган. Ошондой эле ага банк операцияларын, эсептешүүлөрдү жана клирингди, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат