Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 16,1 миллион долларды сатыкка чыгарды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кадам сомдун кунун кармап калуу үчүн жасалган.
1-декабрь саат 08:18ге карата доллардын расмий курсу 84.7 сомго бааланууда. Ал эми сатуу 84,9 сом.
Улуттук банк ноябрь айында 11 жолу ал эми жыл башынан бери 26 жолу интервенция жасап жалпы 430 млн 450 миң долларды сатыкка чыгарган.