ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Улуттук банк Оштогу жети акча алмаштыруу жайынын лицензиясын кайтарып алды
06.02.2026 | 12:18

Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Ош шаары жана Ош облусунун аймагындагы жети акча алмаштыруу жайынын лицензияларын кайтарып алды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, тиешелүү чечимдер 3-4-февраль күндөрү кабыл алынып, төмөнкү алмашуу жайларынын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугу токтотулду:
- «Форекс Голд» ЖЧК (Кара-Суу району, «Достук-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы);
- «Азиза ЛТД» ЖЧК (Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1);
- «Осман» ЖЧК (Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940а);
- «Ойша Финанс» ЖЧК (Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 643);
- «Али Умар» ЖЧК (Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1);
- «М Юсуф» ЖЧК (Кара-Суу району, Ош автобекетинин аймагы);
- «Аманат Береке» ЖЧК (Кара-Суу району, «Достук-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы).
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика