Улуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даяр

18.11.2025 | 16:27

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында турган Улуттук инвестициялар агенттиги Чүй облусунун Ысык-Ата районунда курулуп жаткан, жылына 300 миң куб метр автоклавдык газобетон (AAC) чыгарган заводду куруп жаткан «Хуа Руй» ЖЧКсынын инвестициялык долбоору боюнча көчмө мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу маалыматты агенттиктин басма сөз кызматы Reporter.kgге билдирди.

Иш сапар учурунда агенттиктин директору Равшанбек Сабиров курулуш иштеринин азыркы жүрүшү, өндүрүш имараттарынын даярдык деңгээли менен таанышып, компаниянын жетекчилиги менен долбоорду алдыга жылдыруунун негизги этаптарын — мөөнөттөрдү жана уюштуруучулук маселелерди талкуулады.

Сабиров белгилегендей, 2025-жылдын 12-августунда кабыл алынган «Инвестициялар жөнүндө» жаңы Мыйзам инвесторлор үчүн укуктук кепилдиктерди күчөтүп, жергиликтүү жумушчу күчүн тартуу милдетин так аныктаган. Ушул мыйзамдын алкагында Улуттук агенттик инвестициялык долбоорлорду туруктуу мониторингден өткөрүп, анын ичинде көчмө текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Агенттиктин маалыматына ылайык, объектте жумуштардын олуттуу бөлүгү аткарылган:

• 8 000 м² аянттагы курулуш-монтаж иштери толук аяктады;
• технологиялык жабдуулар үчүн фундаменттердин даярдыгы 90%га жетти;
• 8 000 м² өндүрүш корпусу 90% даяр;
• технологиялык жабдууларды монтаждоо 60%га аткарылды;
• жети автоклав, эки шар түрүндөгү тегирмен, казандык жабдуулар, генератордук установка жана бөлүштүрүү пункту толук орнотулду.

Долбоордун максаты — аймактын өнөр жай потенциалын арттырып, импорттун ордун толтурууга салым кошо турган жана жаңы жумуш орундарын түзө турган заманбап, жогорку технологиялуу комплексти куруу.

Улуттук инвестициялар агенттиги бул долбоорду курулуш толук аяктап, ишкана ишке киргизилгенге чейин коштоп турууну улантарын, инвесторлорду колдоонун, ачык-айкындуулукту камсыздоонун жана Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуунун маанисин баса белгиледи.

Scroll to Top