Бишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттануудаКРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдөУлуттук онкология борбору, Бета Сторес-2, Космопарк: 31-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөтКыргызстандын негизги капиталына салынган инвестициялар жыл башында 8,4%га өстүЭне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги ооруларын эрте аныктоочу жаңы ыкма колдонулуудаНТРК «УТРК Музыка» каналына айрым клиптердин кабыл алынбашын түшүндүрдү
Улуттук онкология борбору, Бета Сторес-2, Космопарк: 31-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт
30.03.2026 | 12:27

31-март күнү саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндо ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Суу Шопен, Юнусалиев, Ахунбаев, Жукеев Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрү менен чектелген аймакта өчүрүлөт. Бул чектөө турак жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, социалдык жана өндүрүштүк объекттерге тиешелүү.
Суу берүүнү токтотуу диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык оңдоо иштерине байланыштуу. “Бишкексууканал” ишканасы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом