Кыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышатЖээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголду
Улуттук универститеттен 2миң 710 студент окуудан чыгарылды
09.07.2025 | 10:30
УКМКнын маалыматы боюнча, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу процессине катышпаган, бирок кагаз жүзүндө студент катары катталган 2710 студент аныкталды.
Аталган факт кызматтык жасалмачылыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси боюнча иликтенүүдө.
Учурда бул мыйзам бузууга катыштыгы бар окутуучулар жана администрация кызматкерлери такталууда.
“УКМК билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы системалуу күрөштү уланта турганын билдирет”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Улуттук университет