Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Улуттук банк 2024-жылы тапкан 100% кирешесин өлкө бюджетине которот
30.01.2025 | 13:41
Улуттук банк 2024-жылы тапкан 100% кирешесин өлкө бюджетине которот. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген. Эми ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Эскерте кетсек, 27-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров 2024-жылы Улуттук банк болжол менен 15-20 млрд сом тапканын, азыр тактоо иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен аталган сумма өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом