Бишкек шаарынын Сухэ Батор көчөсүндөгү «Улуу-Тоо» рестораны убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Аталган тамактануучу жайда 15-апрелде жана 18-апрелде өткөн «Кыз узатуу» тойлорунда коноктор ууланган.
Биринчи иш чарадан кийин 12, экинчиде 27 адам медициналык жардам сурап кайрылган.
Ресторан текшерилип, тамактардын үлгүсү лабораторияга жөнөтүлдү.
«Улуу-Тоого» 13 миң сом өлчөмүндө айып салынып, анализдер чыкканга чейин иши токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз