Умрага барчулар үчүн Сауд Арабиясы жаңы талаптарды киргизди

Умрага барчулар үчүн Сауд Арабиясы жаңы талаптарды киргизди

2025-жылы умра зыяратын пландап жаткан жарандар үчүн Сауд Арабия Падышачылыгы жаңы медициналык-санитардык талаптарды киргизгендигин Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Эң негизги талаптардын бири: Бир жаштан жогорку бардык чет өлкөлүк зыяратчылар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, анын тастыктамасын (сертификатын) алышы керек.

Эмдөө боюнча талаптар:

  1. Вакцинация Сауд Арабиясына барардан кеминде 10 күн мурдажүргүзүлүшү зарыл.
  2. Эмдөө жарактуулугу вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жыличинде болушу шарт.

Умра зыяратын пландаган жарандар Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына кирип, жаңы талаптар жана сунуштар менен кеңири таанышып чыгышы керек. Бул жарандардын сапарын ыңгайлуу жана коопсуз кылууга жардам берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: умра

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>