Унаасы менен адамды өлтүрө сүзгөн губернатордун кеңешчиси 3 жылга кесилди

Унаасы менен адамды өлтүрө сүзгөн губернатордун кеңешчиси 3 жылга кесилди

Адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына айыптылган адамды Талас райондук соту үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мурдагы Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиевди сот күнөөлүү деп таап, 2 жылга айдоочулук укугунан ажыратып,  үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 

Белгилей кетсек, кырсык 30-июлда болгон. Кеңешчинин унаасы жол боюнда велосипед тээп бараткан 26 жаштагы жигитти сүзгөн. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Марслатбек Шералиев УКМКнын запастагы подполковниги. Ал 2017-жылы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>