Уран кенин иштетүүгө макул жана каршы деп добуш берген депутаттардын тизмеси

Уран кенин иштетүүгө макул жана каршы деп добуш берген депутаттардын тизмеси

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Мыйзам долбоорун 70 депутат колдоп, 8 эл өкүлү каршы добуш берди. Эми Жогорку Кеңеш колдогон документ президентке кол коюуга жиберилет.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбооруна макул жана каршы деп добуш берген депутаттардын тизмесин жарыялады. Уран кендерин иштетүүгө каршы чыккандардын арасында эл өкүлдөрү Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, Тазабек Икрамов, Сеид Атамбаев, Султанбай Айжигитов, Исхак Масалиев, Мирлан Самыйкожо жана Элвира Сурабалдиева бар.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>