Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Чагылгандан каза болгон өспүрүм атасына аттарды карашып жүргөн
13.06.2024 | 11:10
12-июнь күнү мурдагы Ак-Кула ат майданында каза болгон бала 15 жашта болчу. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция кырсык болгон жерге келген учурда аны тез жардам кызматы жакынкы ооруканага алып кетишкен. Учурда текшерүү иши жүрүүдө.
Өспүрүм атасына аттарды кароого жардам берип жүргөнү кабарланат.
Бишкек мэриясы ипподромдун аймагындагы ат сарайлардын баары менчиктештирилип кеткенин кабарлады.
“Муниципалитет тарабынан ат майдандын аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар коюлганына карабастан, жеке адамдар өзүм билемдик менен аттарды үйрөтүп, машыктырып келишет. Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет”, – дейт муниципалитет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар