Үрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды

07.04.2026 | 10:47

Кыргызстанда үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы токтомуна ылайык, бул программа бекитилген тизмеге кирген чарбаларга багытталган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, насыялар коммерциялык банктар аркылуу төмөнкү шарттарда берилет:

  • Пайыздык чени — 3%;
  • Мөөнөтү — 36 айга чейин.

Каражаттарды бөлүштүрүү тартибине ылайык, жалпы сумманын 60%ы үрөнчүлүк чарбаларына, ал эми 40%дан кем эмес бөлүгү питомник чарбаларына берилет. Бөлүнгөн каражаттар үрөндөрдү жана көчөттөрдү сатып алууга, продукция өстүрүүгө, ошондой эле тазалоо, иштетүү жана отургузуу үчүн заманбап жабдууларды алууга жумшалышы керек. Каржылоо механизминде ислам принциптерин колдонуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Бул программа айыл чарба өндүрүүчүлөрүн үрөн жана көчөт материалдары менен камсыздоого жана тармактын потенциалын жогорулатууга багытталган. Долбоорго катышууну каалаган субъекттер тиешелүү маалымат алуу үчүн «Элдик Банк» жана «АБанк» филиалдарына кайрылса болот.

Scroll to Top