Ушул айда Түркиядан Кыргызстанга дагы төрт чартердик каттам уюштурулат

Ушул айда Түркиядан Кыргызстанга дагы төрт чартердик каттам уюштурулат

Түркиядан Кыргызстанга дагы төрт чартердик каттам уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты. Анда 8, 15, 22 жана 29-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейстер пландаштырылганы жазылган.

Чартердик каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук түзгөн тизмеге жараша аткарылат. Ошондой эле «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын 2020-жылдын 8-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери 8-июлдагы чартердик авиарейске жарактуу болору кабарланды.

8-июлдагы чартердик каттам менен жүздөн ашык кыргызстандык жаран башка чет өлкөлөрдөн Стамбул аркылуу Бишкекке кайтары маалым болду.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>