Уурдап бараткан унаасы күйүп кеткен. Шектүүлөр кармалды

Уурдап бараткан унаасы күйүп кеткен. Шектүүлөр кармалды

Жайыл районунан автоунаа уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде 56 жаштагы М.В. аттуу тургун арыз менен кайрылып, 5-апрелге караган түнү  “Хонда Концерто” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты 206-берене (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы П.Г. жана 25 жаштагы К.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда , шектүү жарандар уурдалган автоунааны Бишкек шаарына жеткирип, тетиктерин чачып, өткөрүүгө шаарга баратып, белгисиз себептерден улам жолдон автоунаа күйүп кеткен. Алар өрттү өчүрө алышпай, күйгөн автоунааны унаа токтотуучу жайлардын бирине коюшуп, өздөрү из жашырып кетишкени маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан автоунаа күйгөн абалда табылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>