2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Уурулар Ленин айылындагы үйдөн баалуу буюмдар менен акчаларды уурдашкан
09.10.2025 | 14:24
Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоо кызматкерлери үйлөргө кирип, уурулук кылууга шектүү эки эркек кишини кармашты.
19-сентябрда белгисиз адамдар Ленин айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, 700 миң рубль, 500 миң сом жана 1 млн сомдон ашуун баадагы зер буюмдарды уурдап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, алар 24 жаштагы Ю.А. жана 61 жаштагы К.С. экени белгилүү болгон. Шектүүлөр кармалып, камакка алынган.
Ошондой эле шектүүлөрдүн Аламүдүн районунда жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталган. Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар

