БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
UWW уюму Шаршенбековду “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөттү
19.12.2022 | 11:32
United World Wrestling уюму грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековду “Жылдын мыкты балбаны” номинациясына көрсөттү.
Быйылкы жыл Шаршенбеков үчүн ийгиликтүү болуп, ал алгач ирет Азия жана дүйнө чемпиону боло алды. Андан тышкары башка эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси болду.
Шаршенбековдон тышкары грем-рим күрөшүнөн “Жылдын мыкты балбаны” номинациясына Азербайжандан Елдениз Азизли, түркиялык Бурхан Акбудак, Рыза Каяалп жана сербиялык Зураб Датунашвили көрсөтүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом