«Узак жана рационалдуу эмес». Билим берүү министри былтыр чет жакта жалпы 32 күн иш сапарда болгон

«Узак жана рационалдуу эмес». Билим берүү министри былтыр чет жакта жалпы 32 күн иш сапарда болгон

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева былтыр чет жакка жасаган иш сапарларынын айрымдары узакка созулуп, рационалдуу болгон эмес. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов билдирди.

Анын айтымында, билим берүү министри 2024-жылы 10 эл аралык иш сапар жасаган. Алардын жалпы узактыгы 32 иш күн болуп, бул жумуш убактысынын 16,8%ын түзөт. Кээ бир иш сапарлардын узактыгы жана мүнөзү рационалдуу эмес. Мисалы, Австрияга болгон 8 күндүк иш сапар өтө эле узак.

«Билим берүү тармагын санариптештирүү жана Кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча конкреттүү жыйынтыктар жок. «Болочок үчүн билим берүү» долбооруна 200 млн доллар тартуу маселеси дагы эле талкуу стадиясында турат», — дейт ал.

Министр 2024-жылы 18-24-майда Улуу Британияга 6 күндүк иш сапарга барган. Сапардын алкагында окуу кипептерине 400 миң доллар жана министрликке кошумча каражат тартуу маселеси чечүү максатталган. Бирок ал ишке ашкан эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>