Валентина Шевченконун апасы тай боксу боюнча Дүйнө чемпиону болду — видео

Валентина Шевченконун апасы тай боксу боюнча Дүйнө чемпиону болду — видео

Антонина менен Валентина Шевченконун апасы тай боксу боюнча Дүйнөлүк IFMA чемпионатында алтын медалга ээ болду. Турнир онлайн режиминде өтүп, Елена Шевченко 40 жаштан жогорку спортчулардын арасында «Бой с тенью» бөлүмүндө өнөрүн көрсөттү. Бул тууралуу видео Муай-тай боюнча ышкыбоздордун эл аралык федерациясынын YouTube каналына жарыяланды.

Катышуучулар чабуул коюучу жана коргонуучу элементтерин, ошондой эле күчүн жана ылдамдыгын көрсөтүштү. Бир мүнөттөн 3 раундду камтыган, анын жүрүшүндө спортчулар башка ыкмаларды да көрсөтүшү керек болчу.

Кыргызстандык боксчу Елена Шевченконун бирден-бир атаандашы америкалык Паскаль Фернандес болгон. Алар дароо финалда таймашууну макулдашышкан. Шевченко аткарган онлайн бокс калыстар тарабынан жогору бааланып, 30-27 эсеби менен жеңишке жетип, дүйнө чемпиону аталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>