Түркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келдиЖК комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алдыОшто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калууда
«Вефа» соода борборунда топ балдар аялына тийишип, күйөөсү менен мушташкан
09.09.2025 | 09:33

Бишкектеги «Вефа» соода борборунда аялга асылган жигиттер анын күйөөсү менен мушташ чыгарды.
Аялдын айтымында, ал күйөөсү менен дүкөн аралап жүргөндө жигиттердин бири ага тийишкен. Күйөөсү эскертүү айткан соң, жаштар ага кол көтөрүп, чыр күчөгөн.
Жабырлануучунун билдирүүсүнө ылайык, жигиттердин колунда бычак болуп, алар күйөөсүн коркутушкан. Ал учурда айланасындагы адамдар болуп жаткан окуяны карап гана турушкан. Кийинчерээк эки эркек жубайларды коргоп чыккан.
Аял окуядан кийин милицияга арыз менен кайрылганын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар