VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяланды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуучулардын параддык кийиминин үлгүсүнө сынак жарыяланды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берилет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Сынактын максаты – улуттук колоритти, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын духун жана символикасын чагылдырган, заманбап талаптарга жооп берген, ыңгайлуу жана салтанаттуу иш-чаранын мүнөзүнө ылайык келген параддык кийимдин өзгөчө жана эстетикалык жактан көркөм дизайнын аныктоо.
Сынакка дизайнерлер, модельерлер, костюм боюнча сүрөтчүлөр, ошондой эле автордук иштеп чыгуулары бар чыгармачыл жамааттар катыша алат.
Негизги талаптар:
- Дизайнда параддык форманын толук комплекси камтылышы керек: баш кийим, үстүнкү кийим, шым (эркектер үчүн) жана көйнөк (аялдар үчүн);
- Кийим улуттук стилде жасалып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын фирмалык символикасынын элементтерин камтышы керек (бекитилген Бренд-букка ылайык);
- Материалдар – негизинен табигый (пахта, жүн, зыгыр, жибек), кийүүгө ыңгайлуу жана коопсуз болушу керек;
- Бардык берилген эмгектер бир комплектке материалдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө менен коштолушу керек.
Сынакка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу ушул жылдын 17-ноябрына чейин кабыл алынат. Сынак эки баскыч менен өтөт:
- Тандоо – концепциянын сүрөттөлүшү менен эскиздерди көрсөтүү;
- Финалдык – эркектердин жана аялдардын кийимдеринин даяр үлгүлөрүн көрсөтүү.
Сынактын жеңүүчүлөрү сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:
- I орун – 150 миң сом;
- II орун – 100 миң сом;
- III орун – 80 миң сом.
Эң мыкты эмгектер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы расмий иш-чараларда колдонууга сунушталышы мүмкүн. Тандалып алынган эмгектердин автордук укугу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына өтөт.