Кыргызстанда 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды.
Уюштуруу комитетине Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу жана бекитүү, спорттук бөлүк боюнча оюндар жөнүндө эрежелерди жана жобону бекитүү жана пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү тапшырмасы берилди.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң эстафета Казакстанга берилип, оюндар 2024-жылы Астанада өткөн.